Баткенде заманбап үлгүдө курулган мечит ишке берилди

Бүгүн, 27-октябрь күнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылында заман талабына ылайык бардык шарты менен курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Мечиттин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов, айыл тургундары жана аксакалдар катышты.

Азем Алла Тааланын сөзү болгон Куран окуу менен башталды. Андан соң Абдишүкүр ажы Нарматов мечит куруунун пазилети тууралуу айтып, «Мечиттер адамдын адеп-ахлагын оңдоочу, Куран үйрөнүп, тарбия берүүчү жай. Өлкө өнүгүү үчүн үй-бүлө, мектеп, мечит жанан массалык маалымат каражаттары деген төрт мекеме эриш-аркак иш алып баруусу кажет” – деп билдирди.

Ал эми Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө айыл элин жаңы мечиттин ачылуусу менен куттуктады.

«Жараткан буюрса, элибиздин, өзгөчө жаштардын динибизге болгон көз карашы түзөлүүдө. Мечиттерибиз ыймандуулукту, билим, ыйман жана тарбия ордосу болсун. Мамлекетибизде ар убак тынчтык болуп, салттуу ислам бекемделе берсин, мечитиңиздер кут болсун», – деди облус казысы.

Белгилей кетсек, “Надыр уулу Эргеш Ата” ысымы берилген жаңы мечиттин курулушу Айтбай ажы Эргешовдун демилгеси аркылуу Ас-Санабил кайрымдуулук фондунун салымы менен курулган. Мечит 1000 жакын кишиге ылайыкташып, аялдар үчүн да атайын канаалар жана заманбап даараткасы менен бүткөрүлдү.