Ноокатта Баткен окуясынын баатырлары эскерилди

Кечээ, 26-октябрь күнү Ош облусунун Ноокат районунда 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгондор эскерилип, Куран окулду.

Аталган  эскерүүгө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коогалаңга катышкан ардагерлер жана райондук хатибияттын катчысы Бекназар ажы Жапаров катышып, өлкө үчүн жан берген баатырларга Куран окуп, дуба кылды.

«Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн бир хадисинде «Мекенди сүйүү ыймандан» деп айткан. Элибиздин тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо максатында өз жанын аябаган баатырларыбызды эч качан унутпашыбыз керек. Анткени Мекенин, намысын коргоп кайтыш болгондор — шейиттер. Алардын Кудай астында даражалары бийик”, — деди Бекназар ажы Жапаров.