![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/10/image-27-10-23-02-50-1.jpeg)
Бүгүн, 27-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук мечитинде жума мечит имамдарына жыйын болуп, мечиттердин тазалыгы, кышка даярдык, нике журналдарына такай көңүл буруу маселеси каралды.
Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.
Жыйында Акжол ажы Бакиров мечиттердин тазалыгы жана кышка даярдыгы мыкты деңгээлде болушу керектигин айтып, бул тармакта жооперчиликтүү болууга чакырды.