Ош шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилип Куран окулду

Кечээ, 26-октябрь күнү «Токтогул Сатылганов» атындагы эс алуу багында Баткен жоокерлерине арналган мемориалдык комплекстин алдында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Баткен окуясында каза болгондордун жакындарынын катышуусунда эскерүү иш-чарасы болуп өттү. 

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, чек арачылар жана ардагерлер катышты.

Саамалыкта Ош шаарынын казысынын 2-орун басары Исак ажы Юнусов жана «Имам Бухарий — Алай» мечитинин имамы Хадис кары Нурматов Куран окуп, сообун чек араны коргоодо курман болгондорго багыштап, Мекенди коргоонун пазилеттери жөнүндө азыноолак баян курушту. 

Белгилей кетсек, Баткен окуясына быйыл 23 жыл толду. Учурда Ош шаарында Баткен окуясынын 360 катышуучусу жана ардагери жашайт.