Бакай-Атада экстремизмдин жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлүп, салттуу ислам боюнча маалымат берилди

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин арасында салттуу ислам дини жөнүндө түшүндүрүү боюнча кезектеги жыйын КР Улуттук Коопсуздук Комитети жана Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулду.

Жыйынга Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Имаров, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, кызматкерлери, айылдык кеңештин төрагалары жана депутаттары, жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Жыйында алгач терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча УКМКнын Талас облусу боюнча бөлүм башчысы Б.Эшматов баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган агымдар тууралуу маалымат берсе, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустагы диний абал боюнча кыскача маалымат берип, калк арасында маркумду акыркы сапарга узатууда болуп жаткан ысырапкорчулуктун абалына кенен токтолуп, бул жаатта жапа тырмак иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Данияр ажы Мурадилов мазхаб жана акыйда түшүнүктөрү, алардын келип чыгышы жана аларды билүү зарылдыгы боюнча кеңири маалыматты слайд түрүндө көрсөтүп берсе, «салттуу ислам дини: ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы» боюнча Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мирзат ажы Барпыбеков баяндама жасап, учурдагы катталып жаткан айрым жагымсыз кырдаалдардын баары билимсиздиктен болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп, диний билимге көңүл буруу керектигин айтып өттү.