Абдирашит ажы Батыров: «Жардыга жардам берип, Жараткандан жардам күт»

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жаштар биримдиги тарабынан айылдын муктаж тургундарына жардам иретинде үчүнчү үйдү бүтүрүлүп ээсине тапшырылды.

Бул саамалык айылдын жооптуу имамы Темирлан Токоев жана жаштар тарабынан демилгеленип, ага 21 жаштан 43 жашка чейинки жаштар, ошондой эле  Орусияда эмгектенип жүргөн айылдын жаштары өз салымдарын кошушкан.

Ал эми үйдү толугу менен бүтүрүп тапшырууну эки муундун өкүлдөрү 1988-жылы жана 1995-жылы туулган жигиттер жоопкерчиликке алып, беш ай аралыгында бүтүрүп, айыл өкмөттүн орун басары, имамдардын жана аксакалдардын катышуусунда өз ээсине тапшырышты.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары бул саамалыка ыраазычылык билдирип, айылдын социалдык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн жоопкерчилик алган жигиттерге Ардак грамота тапшырды. Аталган жаштарга айылдын имам-хатиби тарабынан да ыраазычылык баракчалар ыйгарылып, аксакалдардын дубасы берилди. 

Аталган үй 3 бөлмөлүү болуп, бардык заманбап шарттары  менен камсыздалган. 

Үйдүн курулушуна жалпысынан 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү миң) сом сарпталып, анын 890 000 сом накталай акча түрүндө, 150 000 сом курулуш материал иретинде жана 300 000 сом жумушчу күч иретинде айылдын жаштары тарабынан ашар жолу менен аткарылган.

Аталган саамалыктын үлгүлү иш экендигин айткан райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров төмөнкүлөрдү атап өттү: «Куран аяттарында жана куттуу хадистерде жакшылыктын сообу бир гана жакшылык экендиги айтылат. Албетте мындай ишти колго алуу оор нерсе. Ага карабастан айыл жаштары бул үлгүлүү ишти колго алып, жүрөк кубанычына себепкер болууда. Албетте жакшылык кылып, Жараткандан жардам күтүү керек. Алгач демилгечи жооптуу имам Темирлан ажы Токоевге жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз».