Талас районунда ысыраптын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын уюштурулду

Талас районунун Көк-Ой айылында ысырапкорчулуктун, зордук-зомбулуктун, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу туурасында чоң жыйын болуп өттү. Бул жыйын КР Улуттук коопсуздук комитети жана Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулган.

Аталган иш-чарага Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Данияр ажы Мурадилов, Мирзат ажы Барпыбеков жана КР УКМК Талас облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустагы диний абал жана жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча жалпы маалымат берип, экстремизм жана терроризм, зордук-зомбулук, ысырапкорчулук жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук маселесине кенен токтолду:

«Пайгамбарыбыз хадисинде, Чыныгы мусулман — башка бир мусулманга тили менен да, колу менен да зыян бербеген адам» деген. Ислам -тынчтыктын дини. Андыктан бири-бирибизге болгон мамилени оңдоп, ысырапкорчулуктан тыйылып, ар кандай диний агымдардан сактанып, өлкөбүздүн өнүгүүсү, динибиздин риважы үчүн аракет кылалы», — деп билдирди.

Мындан тышкары  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү салттуу ислам дини, мазхаб, акыйда туурасында баалуу маалыматтарды беришти.