Лейлек районунда Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Кечээ, 25-октябрь күнү Лейлек районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 113 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп өттү.

Коомдук ишмер, жолбашчы, кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковго 113 жыл болду.

25-октябрь Исхак Раззаковдун туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде облустук, райондук жетекчилердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин, окуучулардын катышуусунда өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов да катышты.  Майрамдык иш-чара Раззаков шаарынын борбордук аянтындагы И. Раззаковдун эстелигине гүл коюу менен башталып, маданият кызматкерлери тарабынан атайын сахналаштырылган көрүнүш көргөзүлүп, улуу инсанды эскерүү сөздөрү менен коштолду.

Иш-чаранын жыйынтыгында Исхак Раззаковдун рухуна Куран окулуп, ага сообу багышталды.