Жоробай ажы Шергазиев «Наима» жалпы билим берүү мектебинин окуучуларына ийгиликтин формуласы боюнча семинар өттү

Бүгүн, 26-октябрь күнү «Наима» жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучулары муфтиятты зыярат кылышып, КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыевдин кабыл алуусунда болду. Бөлүм башчы өспүрүмдөрдү жылуу кабыл алып, өз акыл-насаатын жана кеп-кеңештерин айтты.  

«Жашоодо ийгиликтүү болуу үчүн эки нерсеге абдан маани берүү керек. Биринчиси, кулк-мүнөздү жакшыртуу; экинчиси, жакшы окуу. Бизди ата-энебиз жакшы инсан болсун деп бапестеп чоңойтуп жатат. Алардын үмүтүн актап, келечегибиз үчүн сарптаган каражаттарын ысырап кылбайлы. Динибиз да эмгекчилдикти, кайратмандыкты, жакшы окууну, ата-эне жана мугалимди сыйлоону жактайт», — деп билдирди.

Семинар соңунда окуучулардын класс жетекчиси Эмилбек Маматали уулу Жоробай ажыга баалуу насааттары үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушууларды көп-көп уюштуруу жаш өспүрүмдөргө дем-күч болорун белгиледи.