Абдилла ажы Мамажусуповдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакын туугандарына көңүл айтабыз!

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

«Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтуучубуз».

(Бакара сүрөсү, 156).

Нечендеген аалым, устаздарга устаттык кылган, өзгөчө Баткен облусунан чыккан дин аалымдарынын дээрлик баарына илим берген Абдилла ажы Мамажусупов дамылланын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, шакирттерине, дегеле анын насаатын угуп, кадырлап-барктаган жалпыга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Абдилла ажы өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин динге ак кызмат кылды. Алла Таала дамланын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирсин, каталарын өчүрчүн. Кабырын нурлуу, акыретин абад кылып, бейишинен орун берсин. Бул дүйнөдө кылган ибадаттары, динге кылган кызматы кабыл болсун. Артында калган балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө, жакын туугандарына сабыр берсин.

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты