Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2024-жылдагы ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды ташуу үчүн авиакомпаниялар  ортосунда конкурс жарыялап, катышуучулардын документтерин 2023-жылдын 25октябрынан 13ноябрь, саат 17:00 гө чейин кабыл алат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү № 264/3

Байланышуу үчүн: 0778900601, э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Тандоо иш-чарасы өтө турган күн:

14ноябрь, саат 10:00 / КМДБнын жыйындар залы.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен арыздар кабыл алынбайт.

2024-жылдагы Кыргыз Республикасынан Сауд Араб Падышалыгына ажыларды аба жолдору менен ташуу конкурсуна катышуучу  авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар

  1. Сауд Араб Падышалыгына (САП) тарабынан жактырылган же эрежелерине жооп берген тиешелүү лицензиялардын жана сертификаттардын болуусу.
  2. Көрсөтүлгөн маршруттарга учуучу, катталган мамлекетик, техникалык мүнөздөмөлөрү, самолеттун тиби, сыйымдуулугу көрсөтүлгөн эки-үч аба кемесинин (АК) болуусу (АК каттоо жөнүндөгү Күбөлүк жана АКнин  тиби жана учууга жарамдуулугу  күчүндөгү сертификаты).
  3. Авиакомпаниянын Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда, Мадина шаарларына алып баруучу жана кайтып алып келүүчү түз рейстерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүнүн болуусу (САПтын эрежелерине жооп берүүчү бардык  керектүү уруксаттар жана жактыруулар).
  4. Бир ажынын алып баруу жана алып келүү авиабилетинин наркынын эсеби  (Прайс-лист).
  5. САПка (Жидда жана Мадинага) слоттун болуусу  (учуу графиктери)  болжол менен 2024-жылдын 1-июнунан,  2024-жылдын  10-июнуна чейин. (Зыяратчылардын жалпы саны – 6060 киши. Авиакомпания зыяратчыларды Кыргыз Республикасынан (КР) САПка 2024-жылдын 1-июнунан 10-июнуна чейинки 10 (он) күндүк мөөнөттө жеткирүүгө, жана САПтан Кыргыз Республикасына  10 (он) күндүк мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү)
  6. Акысыз ташылуучу жүктүн ченеми 30 кг жүк, 10 кг кол жүгү жана кошумча 5 литр Зам-зам суусу.
  7.  САПтын Жарандык авиациясынын департаментинин бекиткен эки жактын слотторун (учуу графиктерин) КМДБга 2023-жылдын 20-декабрына чейин берүү.
  8.  Аба жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү түз чартердик жана такай рейстер менен ташуу боюнча тажрыйбасынын болуусу.
  9. Самолёттун ичинде сөзсүз “ХАЛАЛ” тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу.
  10. Ажылардын график боюнча Кыргызстандан  САПка жана андан кайта учуусунда  Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда Авиакомпаниянын өкүлүнүн болуусу. 
  11. Конкурска катышууга заявка берген жактын укугун тастыктоочу документтин  (ишеним кат) болуусу.                                                                                                                                                                                                                                                                                                             
  12. Юридикалык жактын салык жана соцкоторуулар боюнча карызынын жоктугун тастытоочу документтин болуусу.
  13. Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келүүчү АК, 45 кишиден турган топторду бөлбөстөн, бортунда эң кеми 180 ажыны алып учууга мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.
  14. Авиакомпаниялар көрсөткөн документтер сөзсүз мамлекеттик же официалдык тилде болуу жана атайын конверттерге салынып жана мөөр басылган болууга тийиш.
  15. Чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлуучу сөзсүз талаптар бул – Бишкек шаарында алардын официалдуу күчүндөгү өкүлүнүн болуусу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын официалдуу өкүлдөрү, конкурстан жеңген учурда, ажылыкты өткөрүү мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана Муфтияттын өкүлчүлүк органы менен зарылчылыкка жараша 24 саат байланышта болууга тийиш.
  16. Конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасынын 5%  кармалат жана ал САПтан ажыларды алып авиаташуунун акыркы рейси келгендин кийин бир жуманын ичинде төлөнүп берилет. 
  17. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишимге кол коюу учурунда, ал жерде авиакомпаниянын генералдык өкүлүнүн сөзсүз катышуусу.
  18. Авиаташуучу, жүргүнчү жана ошондой эле анын жүгү жөнүндө алынган маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыздайт жана үчүнчү жактарга аларды  суроо жана тиешелүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берет. 
  19. Муфтият келишимдин жана Авиакомпания берген счет-фактуранын негизинде Ажыларды жана алардын жүктөрүн ташууга авиабилеттерди брондоого кеткен төлөмдү гана төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнү Авиакомпания (жеңүүчү)  өзү жүргүзөт. 
  20. Авиаташуучу эки тарапту түзүлүүчү Келишимдин үлгүсүн конкурска алып келүүгө тийиш.