Агартуу кербени: Азирети Муфтий Кара-Балта шаарынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 25-октябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жана шаардык драм театрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев калаа тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев, ошондой эле Төрөгелди Түркбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана мекеме, ишкана жетекчилери катышты.

Азирети Муфтий жолугушууда тынчтыктын мааниси, ысырапкорчулуктун кесепеттери жөнүндө сөз сүйлөп, ислам баалуулуктары жөнүндө кеңири лекция окуду.

Жыйын соңунда Замир кары Ракиев баштган аалымдар катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.