Азирети муфтий Замир кары Ракиев Дагестан Республикасынан келген делегация менен жолугушуп, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Дагестан Республикасынын элдик жыйынынын  төрагасы Заур Аскендеров жана  элдик жыйындын депутаттары, ошондой эле Дагестан Республикасынын Улуттук саясат жана дин иштери боюнча  министри Энрик Муслимов менен жолугушту.

Жолугушуунун  жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашып, тажрыйба алмашууну сүйлөштү.

“Биз коомчулуктун, элибиздин диний сабаттуулугун мындан дагы жогорулатууда кызматташууга даярбыз. Кыргыз мамлекети көп улуттуу болгондуктан негизги максатыбыз конфессиялар аралык ынтымакты, достукту жана биримдикти бекемдөө”,-деди Азирети Муфтий.