Жайыл районунун баш имам-хатиби студенттерге адеп-ахлак темасында лекция өттү

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев Жайыл РИИБи менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы Техникалык экономикалык коллежинин жана Кара-Балта медициналык коллежинин студенттери менен жолугушуу өткөрүп, «адеп-ахлак», «билимдүү жаштар», «келечек жаштардын колунда» темасында лекция өтүп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Аллах Таала ыйык Куранда пайгамбарыбыз (с.а.в.) тууралуу «Сен — улуу кулк-мүнөздүн (жана эң сонун адеп-ахлактын) ээсисиң!» деген. Бул аяттан белгилүү болгондой, пайгамбарыбыз (с.а.в.) эң толук, эң таза кулк-мүнөздүн ээси. Ага эргешкен биз, мусулмандар дагы жакшы кулк-мүнөздүү болушубуз керек. Албетте жаштайыңардан адеп-ахлактуу, ата-эне, үй-бүлө, Мекен үчүн күйүмдүү болуп чоңойсоңор келечегиңер кең болот».

Баш имам-хатиб ошону менен бирге эле мугалимдерди сыйлоого, убакыттарын пайдасыз нерсеге коротпой көп китеп окуп, жакшы билим алууга жана Мекенди сүйүүгө чакырды.