Кыргызстан «Масар электроник» менен иштөөдө эң алдыңкы мамлекеттердин катарында болду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин кеңешчиси жана Masar Electronic (Масар электроник) бирдиктүү электрондук системасынын координатору Фарид Таха Мандер менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында САПтын ажылык министрлигинин алдындагы бирдиктүү электрондук система жана андагы өзгөчөлүктөр, ажылык ишиндеги жаңылануулар боюнча пикир алышты.

«Кыргызстан ажылык мезгилинде «Масар электроник» менен иштөөдө эң алдыңкы мамлекеттердин катарында болду. Бул чоң жетишкендик. Мындан ары ажылыкты уюштурууда электрондук тармакты өнүктүрөбүз», — деди Фарид Таха Мандер.

Ал эми Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев «Масар электроник» бирдиктүү электрондук системасы ишке киргенден тарта ажылык тармагы кыйла жеңилдегенин белгиледи.