Нурдан ажы Өмүралиев 93 жаштагы ардактуу мугалим жана дин кызматкерин зыярат кылып, дубасын алды

Чүй облусундагы Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев баш болгон хатибият жамааты Кара-Балта шаарынын тургуну, 93 жаштагы Сабыркул Иманкулов аксакалды зыраят кылып, батасын алышты.

Сабыркул аксакал 62 жыл бою география предметинен сабак берген ардактуу мугалим. Ал Жайыл районунун орто мектептеринде жана Кара-Балта шаарындагы «Азирети Осмон» ислам институтунда «мусулман өлкөлөрүнүн географиясы» сабагынан 23 жыл сабак берип эмгектенген. Ошону менен биргеликте Жайыл районундагы хатибиятта 18 жыл катчылык кызматты аркалаган. Ал 93 жашка чыкса да ден соолугу чың, намазын калтырбай окуп, күн сайын 3-4 барак Куран котормосун жана башка китептерди окуйт.

Сабыркул аксакал зыярат кылган хатибият жамаатына абдан ыраазы болуп, эл-жерге тынчтык, аманчылык, жакшылык тилеп, келгендерге ак батасын берди.