Талас облусундагы бардык мечиттерде ишембилик өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин буйругунун негизинде «Тазалык ыймандан» аталышында Талас облусундагы бардык мечит жана диний окуу жайларда ишембилик уюштурулду.

«Иш-чаранын максаты ыйман очогу болгон медресе жана мечиттердин тазалыгы талапка ылайык болушу шарт. Себеби бул жерлерде диндин ар тараптуу тазалыгы айтылат. Анын бири тазалык — ыймандан», — деди облус казысы.

Иш-чарага хатибият кызматкерлери, имам-хатибдер, медресе мугалимдери жана студенттер катышышты. Анда мечит, медреселердин ичи-тышы, айланасы толук тазалоодон өткөрүлүп, арыктар калыбына келтирилди.