«Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет» аттуу агартуу кербени Раззаков шаарында

Дин аалымы, Кыргызстан ислам университетинин ректору, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, КИУ окутуучусу Шермухаммед Ташматов, Баткен облустук мусулмандарынын казыятынан облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казынын орун басары Муса ажы Жолдошевден турган агартуу кербени Баткен облусунун Раззаков шаарында аялзатына багытталган жолугушуу өткөрдү. 

Элеттик аялдар үчүн Раззаков шаарындагы маданият үйүндө өткөн «Бекем үй-бүлө — күчтүү мамлекет» аттуу жолугушууга район аймагынан чогулган 400 дөй аял катышты. Дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов диндеги үй-бүлө баалуулуктарына, аялдардын коомду жакшыртуудагы жана үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөдөгү ролуна басым жасады. Ал эми Шермухаммад Ташматов чынчыл, туура жашоонун артыкчылыктарына токтолду.