Караколдо имамдарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренинг болду

Бүгүн, 31-октябрь күнү Каракол шаарында Кыргызстан Кызыл Ай Коомунун Ысык-көл облусундагы филиалы облустук казыят менен бирге имамдар үчүн биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренинг болуп өттү. Тренингге Каракол шаарынын жана шаарга жакын жайгашкан айылдардын имамдары катышты.

Жыйынды Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын төрайымы Жыпаргүл Кадыралиева баштап, биринчи жардам көрсөтүү ар бир адамга зарыл жана маанилүү экенин, мечиттерге ар түрдүү адамдар келерин жана имамдар ар кандай кырдаалга даяр болушу кажет экендигине токтолду.

Ал эми тренингди Кызыл Ай Коомунун инструктору Тынчтык Абдыбаев өттү. Ал Кызыл Ай Коомунун түзүлүү тарыхы, ким негиздегени, аткарган иштери, эмне иштер кылынып жатканы, коомдун кандай багыттар менен иш алып барарына токтолуп, медицина кызматкерлери келгенге чейин сынык, талма оорусу, эсин жоготуу, күйүк, муун чыгуусу болгон учурда биринчи жардам көрсөтүү жолдорун үйрөттү.

“Кырсык деген айттырбай келет, андыктан ошол кырсык болуп калса биз адамдарга биринчи жардамды көрсөтө билишибиз зарыл. Биз адатта кээ бир нерселерди туура эмес кылып алабыз да, кырсыкка кабылган адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келип алышыбыз мүмкүн. Мисалы, бир жерибиз күйүп калса паста сүйкөй калып, чоң киши же кичинекей бала чакап атса аркасына катуу сого калып, айтор ушул сыяктуу катачылыктар кездеше калып жүрөт жашообузда. Ал эми бул тренингди жакшылап үйрөнүп алсак, баарын өз жолу менен аткарып, жабыр тарткан инсанга пайдабыз тиет”, — деди Тынчтык Абдыбаев.

Окуунун акырында имамдарга атайын белектер тапшырылды. Тренингге катышкан имамдар сабак пайдалуу болгонун белгилешти.