Муфтият кызматкерлери Меккеде вакф өкүлдөрү менен жолугушуп, мейманкана жана тейлөө маселесин талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы вакф жетекчилигинен шейх Ахмат Бухари менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2024-жылдагы кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу, ажылар жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Муну менен катар тараптар мейманканалардагы коопсуздук эрежелери, тартиптери, Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча пикир алышты.