Ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү САПтагы банктардын ишмердүүлүгү менен таанышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Араб Падышачылыгындагы банк жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө. 

Жолугушууда САПтын Банк жөнүндө мыйзамдары, келишимдери, келишимдерге кошумча өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, мыйзам талаптары талкууланды.

«Жумушчу топ ажылык иштерин уюштурууда жеринде жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Бүгүн САПтагы банк жетекчилери менен жолугушуп, ачык-айкындуулук жана КМДБ менен САПтагы банктардын алакасын талкууладык. Жолугушууда САПтагы банк системалары менен таанышып чыгып, ажылык иштерин мындан дагы мобилдүү кылууга аракет кылуудабыз», — деди жеринде штаб жетекчиси Самидин кары Атабаев.