Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушту.

Тараптар 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бадир Ал-Сулами Кыргыз Республикасына 6060 квота бөлүнгөндүгүн айтып, 2024-жылы ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме (муассаса) иш алып бара тургандыгын айтты.

«Быйыл ыйык өрөөндөрдү тейлөөдө 17 мекеме (муассаса) иштейт. Өзүңүздөргө ылайык мекеме менен келишим түзүп, алардын бааларына жана тейлөө сапаттарына жараша тандап алсаңыздар болот. Эң негизгиси ажылык мезгилинде САПтын мыйзамдары так сакталуусу зарыл. Бирок Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу иштерине ыраазы болуп келебиз»,-деди Бадир Ал-Сулами.

Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы САПтагы банк менен иштешүүгө ажылык министрлиги макулдугун бергенин, кошумча квота сурагандыгын айтты.

«Быйыл расмий 6060 квота берилди. Буюрса Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен макулдашып, кошумча дагы квота сурап жатабыз. Эң негизгиси ажылыкка жакшы даярдык көрүүнүн аракетинде бир катар жолугушууларды өткөрүүдөбүз»,-деди штаб төрагасы.