Баткенде аялдар арасында пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават айтуу боюнча жарыш өттү

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 1-ноябрына чейин Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталынын айымдарына бир айлык салават жарышы жарыяланган. Анда 40 тан ашык айымдар катталып, эң көп салават айткан 10 айым турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана баалуу китептер  менен сыйланышты. Аталган иш-чара Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын демилгеси менен уюштурулган. Бул саамалыкка жергиликтүү демөөрчүлөр жана Кызыл-Жол кварталынын «Жакшылыкта жарыш» коомдук кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Уулкан Дүйшееванын айтымында, бир айдын ичинде жалпысынан пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва салламга 515 миң 889 салават айтылган. Анда эң көп 53 миң 905 салават айтуу менен 1-орунду камсыз кылган Гүлзат Козубаева Ташкентке эс алууга жолдомо утуп алды. Ал эми Нарбүбү Нарматова 48миң 850 салават айтып 2-орунду ээлесе, Ыхвал Түркбаева 44 миң 300 салават айтып 3-орунду камсыз кылды.

Алгач иш-чарага катышкан айымдарга атайын облустук казыят тарабынан чакырылган устазалар салаваттын пазилеттери жана пайдалары тууралуу таалим сабак өтүп, саамалык соңунда салават жарышына активдүү катышкан алдыңкы 10 айымга кызыктыруучу белектер тапшырылды.