Алмазбек ажы окуучулар жана ата-энелер менен жолугуп, акыл-насаатын айтты

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы Некрасов атындагы №3 мектеп-гимназиясында жогорку класстын окуучулары менен жолугуп, асыл-насааттарын айтты. Ошол эле күнү облус казысы Ленин атындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясында окуучулардын ата-энелерине семинар өттү. Семинарга шаардык билим берүү бөлүмүнөн Чолпон Келгенбаева, милиция кызматкерлери, психологдор жана балдарды коргоо борборунан өкүлдөр катышты.

Алмаз ажы Сагындыков окуучуларга азыр аларга окуу маанилүү экендиги, адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, өз өмүрүнө кол салуунун күнөөсү, тамеки, насвай колдонуунун арамдыгы, мугалимге жакшы мамиле кылуу туурасында баяндама жасады:

“Урматтуу окуучулар, эгерде силер бактылуу болом десеңер, анда ата-энеңерге жакшы мамиле кылгыла. Аллах Тааланын пайгамбарыбызга берген эң биринчи буйругу “оку!” деген буйругу эле. Бул болсо динибизде илимге канчалык маани берилерин билдирет. Ошол себептен окууга көңүл бурушуңар керек. Ал эми өзүнүн жанына өзү кол салуу бул — өтө чоң күнөө. Акыретке барганда азабы чоң болот” — деди облус казысы Алмаз ажы Сагындыков.

Облус казысы ата-энелер менен болгон жолугушууда балдарга тарбия берүүгө олуттуу маани берүү керектигине токтолду:

“Ата-эненин балага калтырган эң чоң мурасы бул — жакшы тарбия. Бала мектепте белгилүү гана убакыт болуп, көпчүлүк убактысы үйдө болгондон кийин, үйдө тарбиялык маанидеги сөздөр болушу зарыл. Кийинтип, курсагын тойгузуп коюу эле тарбия болуп эсептелбейт. Балдарыбыз ак кагаз сыяктуу болот, биз ал кагазга эмне чийсек ошол көрүнөт. Ошондуктан тарбия үлгү көрсөтүүдөн башталат. Өзүбүз жакшы сөз сүйлөп, жакшы нерселерди көрсөтсөк бала ошол нерселерди көрүп, ошого карап түздөнөт, багыт алат. Азыр бузукулук жайылып турган кезде, биз дагы тарбия берүүнү күчөтөлү, урматтуу ата-энелер. Мектеп менен тыгыз байланышып, балабыздын окуусунан кабар алып, баарлашып туруу керек. Айрыкча чоңоюп калган курагында көбүрөөк сырдашалы. Чарчап турсак да убакыт бөлөлү. Себеби, балдар азыр интернеттен ар кандай бузуку маалыматтарды көрүп таасир алып жатат”, — деди Алмазбек ажы Сагындыков.

Чогулуш суроо-жооптор менен коштолуп, психолог да өзүнүн баалуу кеңештерин ортого салды.