Раззаков шаарында «тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата эскерүү митинги өттү

Раззаков шаарында «тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата эскерүү митинги өттү. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана райондун ардактуу аксакалдары катышты.

«7-8-ноябрь – бул элибиздин жашоосундагы негизги тарыхый окуяларды эске салган майрам. Биздин ата-бабаларыбыз татаал сыноолордон өтүп, биздин элибиздин атын, байыркы тилибизди, маданиятыбызды азыркы муунга өткөрүп беришкен. Алар динибизди, улуттук кимдигибизди, үрп-адаттарыбызды сактап калышкан. Биз ар дайым тарыхыбыздын кандуу барактарын эстеп, ата-бабаларыбызга таазим кылышыбыз керек», – деп билдирди райондун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.

Эскерүү баш имам-хатибдин ата-бабаларга багыштап Куран окуусу менен жыйынтыкталды.