Балыкчы шаарынын мектептеринде окуучуларга тарбиялык сабактар өтүлдү

Балыкчы шаарында ШИИБдин кызматкерлери, мектеп директорлору, тарбия иштери боюнча мүдүр орун басарлары жана Балыкчы шаардык хатибиятынын даават адиси, “Ырыс” мечитинин имамы Мусакожо Кыпчагалиевдин катышуусунда Балыкчы шаарынын бир катар мектептеринде окуучуларга жыйын, семинарлар өтүлдү.

Атай кетсек, Ч.Айтматов, К.Жакыпов, Л.Толстой, Ш.Күрүчбеков, Ж.Бөкөнбаев жана С.Каралаев атындагы мектептер. Балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана эрте турмуш куруунун алдын алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чарада Мусакожо Кыпчагалиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Азыркы учурда кээде окуучулар арасында каттала калып жаткан рэкетчилик, тамеки, насвай жана бири-биринин укугун бузуу сыяктуу жаман иштер динибизде тыюу салынган. Бул сыяктуу нерселерден оолак болуп, окууңарга көңүл буруп, ушул убактыңарды пайдаланып калгыла. Себеби, бул убакыт кайра кайрылып келбейт. Ал эми тамеки, насвай жана башка нерселер азыр кызык көрүнгөнү менен ден соолукка өтө кооптуу экенин угуп жүрөсүңөр. Бул сыяктуу нерселер динибизде да чоң күнөө деп бааланган. Анткени Куранда Аллах Таала: “Өзүңөрдү өзүңөр жок болууга таштабагыла!” деп буйрук берген. Ушунун негизинде кайсы нерсе адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келген болсо, ал тыйылган иш болот. Жаман адаттардан өзүңөрдү оолак алып жүргүлө. Окууңарды мыкты деңгээлде окугула, себеби келечегибиз силерсиңер”, – деп өз акыл-насааттарын айтты.