Акжол ажы Бакиров: «Балдардын тарбиясы үчүн Жараткандын астында жооп беребиз»

Кечээ, 4-ноябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров эл менен жолугушуп, «улуттук нарк», «салттуу исдамды кармануу» жана жаштардын тарбиясы боюнча үгүт-насаатын айтты. 

Баш имам-хатиб учурдагы дин эркиндигин туура пайдаланып, келечек муунга ушул бойдон өткөрүп берүү керектигин белгилеп, интернеттеги ар түрдүү маалыматтарга азгырылбоого чакырды. Аны менен катар учурдагы абалга шүгүр кылуу керектигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:

«Жараткан Алла Таала Куран-и Каримде: «(Берген нематтарыма) шүгүр кылсаңар арттырып берем. Эгер тоңмоюн болуп, шүгүрсүздүк кылсаңар анда менин азабым катуу» дейт. Ошондуктан эркиндиктин, тынчтыктын жана кененчиликтин кадырына жетели, ар убак шүгүр айталы. Эгер нанкөрлүк кылсак, бул жакшылыктарды алып коюуга Жараткан Эгебиз кадырлуу Зат. Ошонун катарында жаш муунга туура тарбия берели, алар үчүн кыяматта суралабыз».