Абдималик ажы Турсунбеков мектеп окуучулары менен жолугуп, өз насааттарын айтты

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрь күнү Ош облустук казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Абдималик ажы Турсунбеков Ош шаарындагы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абдималик ажы «Адептүүлүк», «Мугалимдерди урматтоо» жана «Адамдык асыл сапаттар» боюнча сөз сүйлөп, эл арасындагы жана мугалимдер менен болгон мамиледе адептүү болууга чакырды.

«Жараткан кудай таала «Албетте сен жогорку кулк-мүнөздүн ээсисиң» деп пайгамбарыбызды (с.а.в) мактаган. Сиз менен биз ошондой улуу пайгамбардын үммөтүбүз. Биз да ал зат сыяктуу жогорку адепке ээ болуубуз кажет. Анткени адеп гана адамды көркүнө чыгарат. Бирок кулк-мүнөздү ошол даражага чыгаруу өтө оор жана көптөгөн сыноолорго сабыр кылууну талап кылат. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деп бекеринен айткан эмес», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.