Алибек ажы Жусупов: «Биримдигибиз менен башкалардан айырмаланып турабыз»

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районунун Сопу-Карган айылынын эли менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында «улут жана уруулар аралык ынтымак» боюнча сөз сүйлөп, ар дайым биримдикте болууга чакырды. «Куранда: «Алланын жибин (жолун) жалпыңар бекем кармагыла, бөлүнбөгүлө!» деп айтылыт. Ынтымактуу элдин келечеги кең, ырыскысында береке болот. Ар бир улут өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанылган. Ал эми биз ынтымактуулук, биримдик менен башкалардан айырмаланып турабыз. Кадырман калайык улууларыбыз баш болуп, калганыбыз төш болуп биримдикте болобу. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» деп бекеринен айтылган эмес»-деди Алибек ажы.