Кошунанын акысы

Атактуу шейх Мухаммад Такий Усман (Аллах өмүрүнө береке берсин) айтат:
«Меккеде базарга кирип, бир кездемени сурадым. Дүкөнчү ошол кездемени тапкыча менин алдыма жыйырмадай оромдогу кездемелерди жайып салды. Алардын ичинен бирөөсү мага жагып, аны сатып алмакчы болдум. Баасы да мага макул келди. Сатуучу:
-Сизге ушул жактыбы?
-Албетте жакты.
-Анда жолдун наркы бетине өтсөңүз, тээ тигил дүкөндө да дал ушул кездемеден бар. Ошол жерден сатып алыңыз.
-Ээ, эмне үчүн. Бардык нерсени ушул жерден соодалашып алып жатам, сиздин да бир топ убактыңызды алдым. Эми неге андан сатып алышым керек. Эмне үчүн мындай деп жатасыз? Мунун сыры эмнеде?
Туштагы дүкөндүн ээси менин кошунам, эртеден бери бир да соода кылбаганын көрүп турам. А мен болсо бул убакытка чейин бир топ нерсе сатып койдум…»

وعن عبدِاللَّه بن عمرو رضي اللَّه عنهما قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّه ﷺ: خَيْرُ الأَصحاب عِنْدَ اللَّهِ تَعَالَى خَيْرُهُمْ لصاحِبِهِ، وخَيْرُ الجِيرَانِ عِنْدَ اللَّه تَعَالَى خيْرُهُمْ لجارِهِ رواه الترمذي

Абдулла ибн Амр р.а.дан риваят:
«Пайгамбарыбыз с.а.в: Аллахтын алдында достордун эң жакшысы досуна жакшылык кылгандары. Ошондой эле Аллахтын алдында кошуналардын эң жакшысы кошунасына жакшылык кылгандар»,-деп айтты. 

Имам Термизий риваяты.

 

Даярдаган: КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев