Диниңди сатпа

Лондон шаарындагы мечиттердин биринде имамдык кылчу бир киши бир канча жыл мурда башка кичинерээк шаарда имам болуп турган соң Лондонго көчүп барат. Жаңы шаарда болгон ажайып бир окуя жөнүндө мындай дейт:
-Көчүп барган соң, үйүм менен мечиттин ортосундагы жолду маршрут автобустардын биринде басып өтчүмүн. Көбүнчө бир айдоочунун нөөмөтүнө кез келип, анын автобусунда кетчүмүн. Эсимде жок, көчүп өткөнүмдүн канчанчы жумасы эле, бир күнү айдоочу мага кайтым бергенде 20 пенс ашыкча бергендей болду. Ойлонуп калдым, берген акчамды жолдо эсептеп жатып, анын ашыкча бергенине ынандым. «Кайтаруум керек» деген пикир өттү мээмден. Анан «ушул арзыбас нерсени кайтарып жүрөмбү, эл көрсүнгө окшоп калбайт бекен» деген ой мени экилентти. Ушул эки ача-пикирдин ортосунда түшө турган бекетке келгенимди сезбей калыптырмын.
Автобус токтогондон соң, түшүп бара жатып, 20 пенсаны кайтарып берүүгө чечим кылып үлгүргөн болчумун:
-Кайтымын 20 пенс көбүрөөк берген экенсиз,-дедим.
Айдоочу тыйындарды ала туруп, жүзүндө жылмаюу байкалды:
-Сиз жаңы келген имам болсоңуз керек?
Мен таң калганымды жашыра албай, ооба дегенсип башымды ийкедим.
-Билесизби, мен көптөн бери Ислам жөнүндө изденип жүрөм, мечитиңизге барып сиз менен маектешмекчи элем, бүгүнкү ишти болсо Исламды-сиздин мамилеңизди сыноо үчүн кылган болчумун, рахмат! деп дагы бир сыйра жылмайып койду.
Мен автобустан түшүп баратып, «ушул арзыбас нерсени кайтарып жүрөмбү» деген оюмду эстегенимде капысынан бутуман күч кетип, алым тайып, бекеттеги орундукка араң олтурдум. Эй Роббим! Исламды 20 пенсага сатып ийе жаздадым эээ!

 

Даярдаган: КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев