Набавий мечити жөнүндө кызыктуу маалымат

Араб жарым аралында электр өткөрүлгөн алгачкы имарат бул Набавий мечити болгон экен. Аймакка электр алып келген Осмонийлер алгачкы обьект катары Пайгамбар с.а.в.дын мечитин тандаган. Стамбулдагы султан сарайында болсо электр бир нече жылдан соң пайда болгон.

Мечиттин азыркы көлөмү эскисинен жүз эсе чоң, ал эски шаарды дээрлик камтып алган. Мунун далили «Жаннатул Бакийъ» көрүстөнү шаардын четинде болчу, азыр болсо мечиттин жанында.

Набавий мечитиндеги алгачкы күмбөз 1279 жылда пайда болгон. Ал жыгачтан иштелип, түсү жашыл болчу.
Набавий мечитинин күмбөзү мындан 150 жыл мурда азыркы көрүнүшкө ээ болгон. Түрдүү учурларда түрдүү боёктогу түстөргө өзгөрүп турган. Маселен, ак түскө да боёлгон. Бирок узак убакыт аралыгында Хижаз арабтары жактырган көк-фельетивый түстө болгон.

 

Даярдаган: КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев