Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби болочок журналистер менен жолугушту

Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул каары Осмонов Ош Мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуп, мекенге кыянаттык колбоо боюнча маалымат берди. Жолугушуунун алкагында баш имам хатиб алган билимге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ыймандуу болууга чакырды.

Ар бир журналист жазган маалыматы үчүн акыретте жооп берет. Ошондуктан чындыкты жазып, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө үндөгөн баяндамалар коомго жетиши керек. Билимди туура пайдаланып, мамлекетибиздин эртеңки жаркын келечеги үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолук,-деди Мурзакул каары Осмонов.