Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош шаарындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты

Бүгүн, 29-ноябрь күнү Кыргызстан Мусулмандар Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманхожаев жана Жигитали ажы Исмаилов Ош шаарындагы Саида Хадича, Умму Мухаммад, Сулайман-Тоо жана Козу кызы Бурмакан атындагы диний окуу жайлардын абалы менен жакындан таанышып чыгышты.

Окуу жайлар менен тааныштыруу учурунда шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев ар бир диний окуу жайдын тарыхын, абалын, жетишкендигин жана ийгиликтери жөнүндө маалымат берди. Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү студенттерге билим алуунун маанилүүлүгү боюнча баяндама жасашып, келечек ээлерин көп кырдуу адис болууга чакырышты.

Кыргызстан Мусулмандар Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев, Ош шаардык казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Абдулазиз каары Абдурахманов жана казыят кызматкерлери катышышты.