Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жигитали ажы Исмайилов, Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманходжаев Ош облустук казыятында болушуп, казыяттын жалпы ишмердүүлүгү жана казыяттын жаңы имаратында түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыяттын 2018-жыл ичинде аткарган иш-аракеттери боюнча маалыматтарды берип, облус аймагындагы дин жаатындагы жетишкендиктер менен келечек пландарды тааныштырды. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен казыяттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөбүздүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушмакчы. Ошондой эле эл ичиндеги диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жана карапайым калктын ар кыл суроолоруна жооп беришмекчи.