Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Өзгөн районундагы имам Сарахси күмбөзүн зыярат кылып, Куран окушту

Жигитали ажы Исмайилов баштаган Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманходжаев жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районуна болгон иш-сапарларынын алкагында белгилүү дин аалымы “Имам-Сарахсинин” күмбөзүнө зыярат кылып, Куран окушту. Мындан сырткары “Имам-Сарахсинин” күмбөзүнүн жанындагы мемориалдык комплекс, китепкана жана Өзгөн мунарасы тарыхый-этнографиялык комплекси менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев конокторго “Имам-Сарахсинин” Өзгөн районунда зынданда отурган мезгилинде жазып калтырган эмгектери боюнча айтып берди:

Белгилүү Ислам аалымы Имам Сарахси хижра жыл эсеби боюнча 452-жылдар аралыгында Бухарада билим алып, сабак берген. Ошол кездеги бийликтин тушунда туткунга алынып, Өзгөн Мунарасынын бир бурчундагы зынданда отуруп, эч бир адабиятка карабастан шакирттерине оозеки айтып берүү жолу менен Ислам чөйрөсүндө белгилүү болгон “Аль-Мабсут” чыгармасын он төрт жылда жазып бүтүргөн. Шарху Зиядату Зиядат, Шарху Сиярил Кабир, Шарху Жамил Сагир, Усул, Шарху-Муктасарит-Такави аттуу чыгармаларын да оозеки түрдө айтып жаздырган. Ал өтө күчтүү эс тутум жана жөндөмдүүлүгү менен да таанылган. Учурда Имам Сарахсинин бизге калтырган эмгектери Ханафий мазхабын коомчулук арасында туура түшүндүрүүдө жана жаштарга таалим-тарбия берүүдө чоң бир үлгү жана таберик, –деди А.Козубаев.

Андан соң Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү  Имам Сарахси этнографиялык комплексинин китепканасы жана Өзгөн мунарасынын менен таанышып чыгышты. Муну менен катар Өзгөн Хатибиятынын ишмердүүлүгү боюнча отчеттук маалыматтарды дагы угушту.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөбүздүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушмакчы.