Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Баткен казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жакшы бааларын беришти

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Масалиев Абдиманап Маликович, Байтеитов Тажибай Зикирович расмий иш сапары менен Баткен облусуна келди. Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн алгачкы  иш чарасы казыят кызматкерлери менен жолугушуудан башталды. Аларды облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыят кызматкерлери тосуп алып, облус казысы аймактагы диний абал жана казыяттын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал эми дин аалымдары казыяттын ишине жогорку баасын беришип, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир жумалык “Даават кербени” атту иш сапарынын программасы  талкууланды.

Белгилей кетсек, Аалымдар менен казыят кызматкерлери  биргеликте “Даават кербени” аттуу  программанын негизинде ар бир район, шаар жана айылдарга чейин барышып, карапайым калк менен жолугушмакчы. Ошондой эле эл ичиндеги диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жана карапайым калктын ар кыл суроолоруна жооп беришмекчи.