Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Өзгөндөгү жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелер жалпы жыйында каралаарын убада кылышты

Өзгөн районундагы “Топонсу-Отумбу” жана “Маккатул-Мукарам” мечиттеринде Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жигитали ажы Исмайилов, Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманходжаев район аймагынан келген тургундар менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Жигитали ажы Исмайилов жолугушуунун негизги максаты жана иш-чаранын жыйынтыгында кабыл алынуучу чечимдер жөнүндө кеңири түшүндүрүп, жалпы элди динге байланышкан бардык көйгөйлөрдү аныктап, сунуштарды биргеликте талкулоого чакырды. Ал эми Кабылбек ажы Акматов Ханафий мазхабынын багытында шарияттын эрежелерин түшүндүрүү, коомчулук арасындагы ысырапкерчиликти жою, эл арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси боюнча баяндама жасады. Андан соң  жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгымдар, жаштар арасындагы үй-бүлөлүк абалдын туруксуздугу, келечек муундун адеп-ахлактык тарбиясы боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, талкууланды. Жыйынтыгында эл тарабынан берилген бардык суроолор Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнө тапшырылып, көйгөйлүү маселелер Аалымдар Кеңешинин жалпы жыйынында каралаарын убада кылышты.

Өзгөндөгү эл менен болгон жолугушууга  Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев дагы катышты.