Абдували ажы Газыбеков: Биз келекчек муундарды китепти сүйүүгө, билимди терең өздөштүрүүгө чакырышыбыз керек

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айылындагы   “Бозулан Примов” атындагы  орто мектебинде  окуучуларды  ыйманга, адепке чакырган иш-чара  уюштурулду.

Иш чарага мектеп директору Атиргул Коймуратова жана мугалимдер менен окуучулар катышп, Халмион айыл өкмөтүнүн имам хатиби Абдували ажы  Газыбеков Куран аяттары, хадистердин  негизинде  бир катар пайдалуу маалыматтарды айтып берди.

Билим алуу ар бир инсан үчүн маанилүү жана милдеттүү. Инсан билим аркылуу бардык ийгиликтерге жетет жана үйрөнөт. Ошонуктан биз келекчек муундарды китепти сүйүүгө, билимди терең өздөштүрүүгө чакырышыбыз керек,-деди Абдували ажы  Газыбеков.