Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесиндеги кесиптик билим берүүнүн ийгилигине жеринде күбө болушту

Аталган иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жигитали ажы Исмайилов, Кабылбек ажы Акматов, Кенжетай ажы Курманходжаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана окуу жайдын эмгек жамааты менен студенттери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчиси Абдырахман кары Атабаев медреседе окуучулар үчүн түзүлгөн заманбап шарттар жана окуу процессиндеги жетишкендиктер менен жеринде тааныштырды. Андан соң  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен медресенин жогорку курстарынын окуучулары менен  илимий талкуу уюштурушуп, суроо-жооп форматында окуучу балдардын араб тилин өздөштүрүү деңгээли, шарият илимдерин билүү көрсөткүчтөрү жана Ханафий мазхабынын багытында  туура өкүм берүү жөндөмдүүлүктөрү текшерилди. Муну менен катар эле жалпы диний окуу жайларды өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр, бирдиктүү окуу программасына жетишүү жана медреселерди каржылык камсыздоодогу кыйынчылыктар боюнча талкуу жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды.  Соңунда жалпы конокторго окуу жайдагы компьютердик курстар, кошумча тигүүчүлүк жана ашпозчулуктун кружоктору боюнча окуучулуардын эмгектери көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, «Абдираим кары» медресесинде 182 окуучу билим алат, алардын ичинен 71 окуучу кыздар бөлүмүндө билим алышат. Ал эми «Медресе окуучуларын кесиптик шыктарга окутуу» долборунун алкагында 2018-жылы 424600 сомдук компьютердик жабдуулар сатылып алынып, 47 окуучу 2 айлык компьютердик курсун, 7 окуучу 2 айлык англис тил курсун аякташып, атайын сертификаттарга ээ болушкан.