Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Моңолдоров Дамир Чериковичке,  шаар мэри Каныметов Адыл Каныметовичке жана дин иштери боюнча мам комиссиясынын  өкүлү Жолдошев Саламат Асановичке жолугушту. Жолугушуу алкагында тараптар диний абал жана терс диний агымдарга каршы туруу, эл ичнде түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү маселесин талкуулашты. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ысык-Көл облусуна болгон сапарынын максатын айтып, апта ичинде бардык аймактардагы жергиликтүү тургундар менен жолугушаарын билдирди.

Ушул эле күнү Аалымдар Кенешинин мүчөсү Каракол шаарындагы “Яхя Филалий” борбордук мечитинде эл менен жолугушуп, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Ал эми Токтогазы уулу Бахтияр  Балыкчы шаарындагы Ырыс борбордук мечитинде шаар тургундары  менен жолугушуп, Ислам тынчтыктын дини экендигин, ата-энени урматоо боюнча  баяндама жасады.

Эскерте кетсек, Аалымдар Кенешинин мүчөлөрү Токтогазы уулу Бактияр жана Юсупов Фархат Иллахунович 30-ноябрдан 7-декабрга чейин Ысык-Көл облусун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушмакчы.