Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Кечээ, 30-ноябрда Ош шаарынын Мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жигитали ажы Исмайилов, Кабылбек ажы Акматов жана Кенжетай ажы Курманходжаевдерди кабыл алды. Жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык достукту жана ынтымакты бекемдөө, коомчулук арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөрдү биргеликте жою маселелери талкууланды. Дин аалымдары менен жолугушуу алкагында шаар мэри Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жарандарга Исламдын баалуулуктарын жеткирүүдө жана жаштарга руханий жактан туура тарбия берүүдөгү иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү шаар жетекчисинин жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыктарын билдиришип, дин өкүлдөрү жарандардын руханий аң-сезимин көтөрүүдө жана ар түрдүү терс  агымдардын алдын алууда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.