Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кабылбек ажы Акматов Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен жолугушту

Кечээ, 30-ноябрда Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кабылбек ажы Акматов жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кабылбек ажы Акматов Аалымдар Кеңешинин жылдык иш-планына ылайык, жер-жерлерде эл менен жолугушуулар жүрүп жаткандыгын жана коомчулук арасында айтылган бардык динге байланыштуу көйгөйлөр чогултулуп, 12-декабрь күнү Аалымдар Кеңешинин жалпы курамынын катышуусундагы жыйынында каралаарын белгиледи. Өз кезинде облус жетекчиси  дин аалымдарынын мындай демилгеси колдоого алаарлык экендигин баса белгилеп, коомчулук арасындагы аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгымдарды жою, жаштар арасында үй-бүлөлүк ажырашуулардын алдын алуу багытында дин өкүлдөрүнүн салымы ат көтөргүс экендин айтып өттү. Ошондой эле Ош облусунун аймагынын чоңдугун эске алып, дин аалымдары менен жергиликтүү тургундардын жолугушууларын квартал сайын уюштуруп туруу сунуштарын берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөбүздүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушмакчы.