Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, элдин суроолоруна жооп беришти

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдиманап ажы Масалиев жана Тажибай ажы Байтеитов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри менен жолугушуп, аймактагы диний абал боюнча пикир алышты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, терс диний агымдардын алдын алуу, жаштардын тарбиясына көңүл буруу, ысырапкерчиликти токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрө тургандыгын айтышты.

Андан соң Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдиманап ажы Масалиев Кызыл-Кыя шаарына, ал эми Тажибай ажы Байтеитов Кадамжай шаарынын жашоочулары менен жолугуп, алардын диний суроолоруна жооп беришти.