Баткендин Самаркандек айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө имамдын демилгеси менен 25 тонна көмүр акысыз таратылды

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрь күнү Баткен облусунун Самаркандек айылындагы «Нур Ислам»  мечитинде  жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 3 каптан көмүр акысыз таратылды. Кайрымдуулук  саамалыгы жергиликтүү ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун колдоосу менен уюштурулуп,  көмүр Сүлүктүдөн алынып келинген.

Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында жеке ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун  колдоосу менен муктаждарга жардам берүү аракети ишке ашырылды,- дейт Самаркандек айылынын имамы Исламидин ажы Назаров.

Ал эми жардам алган муктаж үй-бүлөлөрдүн жүзүндөрүнө кубаныч тартууланып,  жаштарга ыраазы экендиктерин жашырышкан жок.

Унундай эле жардамдар айылдагы мечиттерге дагы берилип, бул күнү жалпысы болуп 25 тоннага чукул көмүр акысыз таратылган.