Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Талас облусунун айыл аймактарын кыдырып, элдин сунуш-пикирлерин угушууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Көчкөнбай ажы Садиллаев жана Ниязали ажы Арипов Талас облусундагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын сунуштарын кабыл алышууда. Бүгүнкү күнгө чейин  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Талас, Бакай-Ата, Манас жана Кара-Буура райондорунун имамдары жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, анын алкагында өлкөдөгү диний абал жана коомчулуктагы ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, ысырапкерчиликти токтотуу жана үй-бүлөнү бекем сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Эл менен болгон жолугушууга облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери дагы катышууда.