Максат ажы Сейталиев: Зынанын айынан канчалаган тагдыр талкаланып атат. Биз муну түшүндүрүү жолу менен токтотушубуз керек

Ысык-Көл районунун  баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Григорьевка айылындагы А.С Пушкин атындагы орото мектебинде окуучулар менен жолугушуп, зына кылуунун шарияттагы орду, никенин мааниси жана үй-бүлө куруу, ата-энени сыйлоо, билимге умтулуу темалары боюнча баяндама жасады. Иш-чара мектеп жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, ага мугалимдер, дарыгерлер, ата-энелер  катышып, анан алкагында бүгүнкү күндө болуп жаткан оорчунду көйгөйлөр айтылды.

Мектеп окуучулары окуп жаткан курактарында бир гана билим алуу менен алек болуулары керек. Билим алууга басым жасаса эртеңки келечектери жарык болмокчу. Ошондуктан мектеп жетекчилиги бул иш чараны уюштургандыгы абдан маанилүү, себеби зынанын айынан канчалаган тагдыр талкаланып атат. Биз муну түшүндүрүү жолу менен токтотушубуз керек,-деди баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев.

Эскерте кетсек,  мектеп жетекчилиги тарабынан уюштурулган бул иш чара 1-декабрь — СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлгөн.