Аалымдар Кенешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов Түп жана Ысык-Көл районунун акимдери менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Аалымдар Кенешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов Ысык-Көл районунун акими Данияр Белекович, Түп районунун акиминин орун басары Ситчихин Валерий Петрович менен жолугушуп, аймактарды кыдыруудагы жана эл менен жолугушуу максатын айтып, коомдогу көйгөйлөрдү угуу менен айрымдарын жалпы жыйында карала тургандыгын билдирди. Жергиликтүү бийлик жетекчилери менен болгон жолугушууга райондун баш имам хатибдери Максат ажы Сейталиев, Бакыт ажы Кайкиев катышып, аймактагы диний кырдаал боюнча маалымат беришти.