Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушуп, алардын сунуштарын жазып алууда

Кыргызстан Мусулмандарынын  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Панфилов жана Жайыл райондорунун имамдары менен жолугушту. Дин кызматкерлери менен болгон жолугушуунун алкагында Кадыр ажы Маликов диний абал жана терс диний агымдарга каршы туруу, эл ичнде түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү маселесин көтөрүп, бул жаатта имамдар укук коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусу керек экендигин билдирди. Мындан сырткары Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Москва районунун Александровка айылындагы “Имам Азам” борбордук мечитинде эл менен жолугушуп, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Ислам тынчтыктын дини, улуттар арасында ынтымак, достук алакалар туурасында баяндама жасап, жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлерин кагаз бетине жазып алды.