Эл аралык майыптар күнүнө карата Чүй облусундагы имамдар Искра айылындагы жана Токмок шаарындагы майыптар үйүнө 35 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүштү

Бүгүн, 3-декабрь  эл аралык майыптар күнүнө карата Чүй облусунун мусулмандар казыятынын иш башкармалыгы бөлүмүнүн башчысы Кубан ажы Бекешов, Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов, Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев Искра айылындагы жана Токмок шаарындагы майыптар үйүн зыярят кылышып, 35 миң сом,1 кой жана жашылча-жемиш түрүндө жардам беришти.

Кайрымдуулук иши бүгүнкү күнгө чейин Сокулук районундагы жаштар майыптар коомуна уланып, аларга Чүй облусундагы жума окулган айрым мечиттер жардам көрсөтүп турушат.